• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Футбол борборун курууга Сокулук районунда жер тилкеси бөлүндү

Спорт 0

Бишкек, 30.12.19. /Кабар/. Футбол борборун Бишкектин түштүк-батыш тарабындагы Арча-Бешик конушунан кийинки Масалиев көчөсүндө куруу пландалууда. Бул тууралуу Футбол федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Футбол федерациясы менен Сокулук айыл өкмөтүнүн сүйлөшүүлөрүнүн негизинде жер тилкесин бөлүп берүү макулдашылды.

Эскерте кетсек, Эл аралык футбол федерациясы аталган борборду курууга акча бөлгөн.

Пикир

Оставить комментарий