• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Футбол: Чемпиондор лигасынын 1/8 финалдык оюндары 8-9-августта өтөрү күтүлүүдө

Спорт 0

Бишкек, 10.06.20. /Кабар/. УЕФА уюму футбол боюнча Чемпиондор лигасынын жыйынтыктоочу оюндарынын планын түздү. Аны уюмдун аткаруучу комитети 17-июнда карап чыгуусу пландалууда. Бул тууралуу AS басылмасы билдиргенин Чемпионат сайты жазып чыкты.

“Чемпиондор лигасынын 1/8 финалдык оюндары 8 жана 9-августта өтөрү күтүлүүдө. 12-августтан тарта Лиссабондо кичи мелдеш баштоо пландалдууда. Анда 8 команда плей-офф форматында бир оюндан өткөрөт. Беттештер “Жозе Алваладе” жана “Эштадиу да Луш” стадиондорунда күйөрмандарсыз өтөт”, - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин мелдештин чейрек финалына "ПСЖ", "Атлетико", "Аталанта" жана "Лейпциг" командалары өткөн.

Ошондой эле чейрек финалдын дагы 4 командасы аныктала элек. Алар: "Реал - Манчестер Сити" (биринчи беттеши - 1:2), "Челси - Бавария" (0:3), "Лион - Ювентус" (1:0) жана "Наполи - Барселона" (1:1).

Эскерте кетсек, Чемпиондор лигасынын 1/8 финалдык оюндары коронавируска байланыштуу токтоп калган.

Пикир

Оставить комментарий