• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Футбол: Чемпиондор лигасынын чейрек финалындагы командалардын атаандаштары белгилүү болду

Спорт 0

Бишкек, 17.03.23. /Кабар/. Футбол боюнча Чемпиондор лигасынын чейрек финалындагы командалардын атаандаштары белгилүү болду.

Чүчүкулак тартуу аземи бүгүн, 17-мартта Швейцариянын Ньон шаарында өтүп, командалар жуп-жуп болуп бөлүштүрүлдү:

“Реал” (Испания) — “Челси” (Англия);
“Манчестер Сити” (Англия) — ”Бавария” (Германия);
“Интер” (Италия) — “Бенфика” (Португалия);
“Милан” (Италия) — “Наполи” (Италия).

Чейрек финалдын алгачкы оюндары 11-12-апрелде, жооптук беттештер 18-19-апрелде өтөт.

Пикир

Оставить комментарий