• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Футбол: Эден Азардын «Вест Хэмдин» коргоочуларын жаш баладай алдап өтүп киргизген голу – видео

Спорт 0


Бишкек. 09.04.19 /Кабар/. Лондондук "Челсинин" жарым коргоочусу Эден Азар Англиянын футбол боюнча чемпионатынын 33-турунда "Вест Хэмге" башкача гол киргизди.

28 жаштагы Азар атаандаштарынын дээрлик жарамын жаш баладай кылып алдап өтүп, эсепти ачты. 90-минутада Азар дагы бир гол киргизип, "Челси" 2:0 эсеби менен жеңишке жетти.

Бул жеңиш "Челсини" үчүнчү орунга көтөрдү. Биринчи орунда "Ливерпуль", экинчиде "Манчестер Сити".

Эске салсак, мадриддик "Реал" Эден Азарды сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий