• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Футбол федерациясы “Алай” клубуна кичи автобус белек кылды

Аймак 0

Бишкек, 23.09.18. /Кабар/. Кечээ, 22-сентябрда Кыргызстан чемпиондугунун алкагында Ош шаарынын “Алай” командасы өз үйүндө Кара-Балта шаарынын “Кара-Балта” командасын кабыл алды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Мелдештин тыныгуу учурунда КРнын Футбол федерациясы Оштун “Алай” футболдук клубуна кичи автобус белекке берди. Аталган федерациянын вице-президенти К. Маматов “Алай” командасына мындан ары чоң ийгиликтерди каалады.

“Алай” футболдук клубунун вице-президенти Сеит Аматов Федерациянын өкүлдөрүнө клубдун атынан ыраазычылык билдирди.

Беттеш 9:0 эсебинде “Алай” командасынын жеңиши менен аяктады.

Пикир

Оставить комментарий