• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Футбол федерациясы Александр Крестинин менен жаңы келишим түздү

Спорт 0

Бишкек, 11.02.19. /Кабар/. Кыргызстандын Футбол федерациясы КРнын футбол курамасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин менен жаңы келишим түздү. Бул тууралуу федерациянын расмий сайтында маалымдалат.

Келишимге машыктыруучу Александр Крестинин менен Футбол федерациясынын жаңы шайланган президенти Канатбек Маматов кечээ кол коюшкан.

Эми Александр Крестинин КРнын футбол курамасын машыктыруусун улантып, 2022-жылдагы футбол боюнча дүйнө биринчилигине жана 2023-жылдагы Азия Кубогуна даярдайт.

Ал эми машыктыруучунун өзү курамада ишин улантарына кубанычта экенин айткан.

"Кыргызстандын курамасы менен ишимди улантканга кубанычтамын. Азия Кубогуна даярданууда команда жакшы эмгектенди. Анын оюну биз туура багытта бара жатканыбызды көрсөттү. Ушул эле дем менен ишти улантууну каалайм", - деди ал.

Белгилей кетсек, Александр Крестининдин кол алдында машыккан Кыргызстандын курамасы алгачкы ирет Азия Кубогуна чыга алган.

Пикир

Оставить комментарий