• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Футбол федерациясынын президенти: Японияны утуп алууга мүмкүнчүлүгүбүз бар

Спорт 0

Бишкек, 14.11.19. /Кабар/. Кыргызстандын футбол федерациясынын президенти Канат Маматов Япониянын командасын утууга улуттук курамда мүмкүнчүлүк бар экенин билдиргенин аталган федерация жазып чыкты.

Анын айтымында, Япониянын оюнчулары дүйнөнүн алдыңкы клубдарында ойногон тажрыйбалуу футболчулар.

"Япониянын дүйнө биринчилигинде, Азия кубогунда ойногон ири тажрыйбасы бар, футболчулары дүйнөнүн күчтүү клубдарында ойношот. Алардын улуттук курамда жана клубдарында ойногон шарттары биздикинен абдан айырмаланып турат. Мунун баары аларга чеберчилик, күч жана өзүнө болгон ишенимди арттырат. Бирок, биздин команданын деми, мыкты даярдыгы, күйөрмандары турат. Андыктан утуп алууга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Бул үчүн баардык аракетти жумшайбыз", - дейт Маматов.

Эскерте кетсек, Кыргызстан - Япония оюну Бишкек убактысы боюнча саат 17:15те Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.

Беттеш 2022-жылы боло турган футбол боюнча дүйнө биринчилигинин тандоо турунун алкагында өткөрүлөт.

Кыргызстан F тайпасында Япония, Монголия, Тажикстан жана Мьянманын командалары менен бирге жайгашкан.

Эскерте кетсек, Кыргызстан менен Япониянын курамалары ортосундагы футболдук беттешти көрүүнү каалагандарга Бишкектеги эски аянтта атайын күйөрмандар зонасы уюштурулат. Фан-зона саат 15:15те ачылат.

Пикир

Оставить комментарий