• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Футбол. Кыргызстан Араб Эмиратына келер менен машыгууга киришти (сүрөт)

Спорт 0

Бишкек, 04.01.18 /Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Бириккен Араб Эмиратына келип конду. Аль-Айн шаарында расмий иш-чаралар өткөн соң, кыргыз футболчулары машыгууга өтүштү.

Азия Кубогу 2019-жылдын 5 январында Бириккен Араб Эмиратында башталат.

Ага 24 курама команда катышат. Кыргызстан C тайпасына түшүп, Түштүк Корея, Кытай жана Филиппиндин командалары менен ойнойт.

Кыргызстан биринчи оюнун 7 январда Кытай командасына каршы өткөрөт.

Эске салсак, кыргыз футболчулары Катарда бир ай окуу-машыгууда болушту. Анын алкагында үч достук беттеш өткөрүп, бирин утулуп, экөөндө жеңишке жетишти.

Пикир

Оставить комментарий