• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Футбол: Кыргызстан курамасы Катар менен достук беттешүү өткөрөт

Спорт 0

Бишкек, 24.12.18 /Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Катар менен достук беттешүү өткөрөт.

Оюн 25-декабрда Доха шаарынын Khalifa International Stadium стадионунда өтөт.

Бул оюн 2019-жылы өтө турган Азия чемпионатына даярдануунун алкагында өтмөкчү.

Буга чейинки достук беттеште, Кыргызстан Иорданияны 1:0 эсебинде жеңип алган.

Эскерте кетсек, Азия кубогу 2019-жылдын январь айында Бириккен Араб Эмиратында өтөт. Ага 24 курама команда катышат.

Кыргызстан C тайпасына түшүп, Түштүк Корея, Кытай жана Филиппиндин командалары менен ойнойт.

Пикир

Оставить комментарий