• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Футбол: Кыргызстан – Мьянма оюнуна билеттер сатыла баштады

Спорт 0

Бишкек, 03.10.19. /Кабар/. Кыргызстандын Футбол федерациясы футбол боюнча Дүйнө биринчилиги (2022-жылы) жана Азия кубогунун (2023-жылы) алкагында улуттук курам Мьянманын командасы менен боло турган беттешке кирүү билетин сатыкка чыгарды.

Кыргызстандын курамасы 10-октябрда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда Мьянманын командасын кабыл алат. Оюн Бишкек убактысы менен саат 20:30да башталат.

Футбол федерациясынан кабарлашкандай, билеттин баасы ээлеген ордуна жараша 250-500 сомду түзөт. Оюнду көрүүнү каалагандар билеттерди "Фрунзе" гипермаркеттеринен сатып алса болот.

Пикир

Оставить комментарий