• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Футбол: Кыргызстан менен Тажикстандын беттеши 1:1 эсебинде аяктады

Спорт 0


Бишкек,19.11.19./Кабар/. Футбол боюнча Кыргызстандын курамасы Тажикстандын командасы менен оюн өткөрдү. Дөлөн Өмүрзакөв атындагы стадиондо өткөн беттеш 1:1 эсебинде жыйынтыкталды.

Беттештин 17-мүнөтүндө Тажикстандын оюнчусу Д. Эргашев гол киргизип, эсепти ачты. Ал эми, экинчи бөлүктүн 83-мүнөтүндө кыргызстандык оюнчу Т. Козубаев эсепти теңегенге жетишти.

Беттеш 2022-жылы боло турган футбол боюнча дүйнө биринчилигинин тандоо турунун алкагында өткөрүлүлдү.

Кыргызстан F тайпасында Япония, Монголия, Тажикстан жана Мьянманын командалары менен бирге жайгашкан.

Эскерте кетсек, улуттук курама буга чейин Тажикстанга 1:0, Японияга 2:0 эсебинде утулуп, Мьянманы 7:0 эсебине, Монголияны 2:1 эсебинде утуп алган.

Пикир

Оставить комментарий