• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Футбол. Кыргызстан Палестина командасын жеңди 

Спорт 0

Бишкек, 31.12.18. /Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Палестина командасын жеңип алды. Бул тууралуу спорттун аталган түрү боюнча федерациядан кабарлашты.

Учурда кыргыз футболчулары окуу-машыгуу үчүн Катарда жүрүшөт. Машыктыруучу Александр Крестинин башында турган спортчулары Бириккен Араб Эмиратында өтө турган Азия чемпионатына кызуу даярданып жатышкан кези.

Окуу-машыгуунун алкагында Палестинанын футболчулары менен оюн уюштурулган.

Оюн 2:1 эсебинде аяктап, Кыргызстан жеңишке жетти.

Эске салсак, буга чейин Кыргызстан эки беттеш өткөрүп, Иорданияны 1:0 эсебинде жеңип, Катарга 0:1 эсеби менен утулуп калган.

Азия кубогу 2019-жылдын январь айында Бириккен Араб Эмиратында өтөт.

Ага 24 курама команда катышат. Кыргызстан C тайпасына түшүп, Түштүк Корея, Кытай жана Филиппиндин командалары менен ойнойт.

Пикир

Оставить комментарий