Футбол: Кыргызстан – Өзбекстан беттешинин убактысы белгилүү болду

Спорт 0

Бишкек, 22.10.19. /Кабар/. Футбол боюнча Кыргызстандын курамасы Өзбекстандын командасы менен жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул тууралуу Футбол федерациясынан кабарлашты.

Sports.uz басылмасынын маалыматында, оюн Ташкенттеги "Пахтакор" стадионунда 9-ноябрь күнү саат Бишкек убактысы менен 18:00дө башталат.

Оюндар 2022-жылы боло турган Дүйнө биринчилигине жана Азия кубогуна (2023-жылы) тандоо турунун алкагында өткөрүлүүдө.

Андан кийин улуттук курам 14-ноябрда Япониянын курамасын, ал эми 19-ноябрда Тажикстандын командасын өз талаасында кабыл алат.

Пикир

Оставить комментарий