• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Футбол: Кыргызстандын курамасы Японияга 2:0 эсебинде жеңилип калды

Спорт 0

Бишкек, 14.11.19. /Кабар/. Футбол боюнча Кыргызстандын курамасы Япониянын командасы менен оюн өткөрдү.

Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн оюнда 2:0 эсебинде Япониянын командасы жеңишке жетти.

Оюндун 40-мүнөтүндө Япониянын пайдасына 11 метрлик айып соккусу белгиленди. Аны япониялык Такуми Минамино тээп, эсепти 0:1ге өзгөрттү. Ошондой эле беттештин 54-мүнөтүндө "самурайлар" кайрадан гол киргизгенге жетишти.

Беттеш 2022-жылы боло турган футбол боюнча дүйнө биринчилигинин тандоо турунун алкагында өткөрүлдү.

F тайпасында орун алган Тажикстан менен Мьянманын командалары да бүгүн оюн өткөрдү. Анда Мьянманын футболчулары Тажикстанды 4:3 эсебинде артта калтырды.

Кыргызстан F тайпасында Япония, Монголия, Тажикстан жана Мьянманын командалары менен бирге жайгашкан.

Эскерте кетсек, улуттук курам буга чейин Тажикстанга 1:0 эсебинде утулуп, Мьянманы 7:0 эсебине, Монголияны 2:1 эсебинде утуп алган.

Пикир

Оставить комментарий