• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Футбол легендасы Пеле көз жумду

Дүйнө 0

Бишкек, 30.12.22. /Кабар/. Бразилияда футбол боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону Пеле көз жумганын Associated Press басылмасы жазып чыкты.

Пеле Сан-Паулодогу ооруканада коронавирус жана респиратордук инфекция менен алышып келген. Ошондой эле онкологиялык оорудан дагы дарыланууга муктаж эле. 2021-жылы футболчу жоон ичесиндеги шишикти алдырып, дарылануусун улантып жаткан. Ал эми 22-декабрда Пеленин абалы начарлап кеткени кабарланган.

Эдсон Арантис ду Насименту (Пеле) 82 жашта көз жумду.

Пикир

Оставить комментарий