• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Футбол: "Манчестер Сити" Англиянын чемпиону болду

Спорт 0

Бишкек. 13.05.19 /Кабар/. "Манчестер Сити" футболдон эки ирет катары менен утуп, Англия чемпиону болду.

Акыркы 38-турда "Манчестер Сити" "Брайтон" клубун 4:1 эсебинде жеңип, 98 упай алды.

Ал эми "Ливерпуль" акыркы турда "Вулверхэмптонду" 2:0 эсебинде утуп, 97 упай менен экини орунду ээледи.

"Челси" 72 упай менен үчүнчү орунда, ал эми "Тоттенхэм Хотспур" 71 упай менен төртүнчү орунду ээледи.

Бул төрт команда 2019-2020-жылы өтө турган Чемпиондор лигасына жолдомо алышты.

Пикир

Оставить комментарий