• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Футбол: "Нефтчи" командасы алгачкы ирет Кыргызстандын кубогун жеңди

Спорт 0

Бишкек, 29.10.19. /Кабар/. Жалал-Абаддагы "Курманбек" стадионунда футбол боюнча Кыргызстандын кубогунун финалдык оюндары орун алды. Бул тууралуу Футбол федерациясынан кабарлашты.

Беттештин финалдык оюну 27-октябрда өтүп, анда "Дордой" менен "Нефтчи" командалары Кыргызстандын кубогу үчүн күч сынашты.

Оюнда жалгыз голду Азамат Өмүралиев киргизди. "Нефтчи" 1:0 эсебинде каршылашын утуп алды.

Белгилей кетсек, "Нефтчи" өзүнүн тарыхында алгачкы ирет Кыргызстандын кубогун жеңди.

Ошондой эле 2020-жылы өтө турган Азия футбол конфедерациясынын кубогунун тандоо туруна катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Пикир

Оставить комментарий