• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Футбол: Неймар ПСЖ клубунда калат

Спорт 0

Бишкек. 12.04.19 /Кабар/. "Пари-Сен-Жермендин" чабуулчусу Неймар клубда калат. Бул тууралуу футболчунун атасы билдиргенин "AS" агенттиги кабарлады.

"Неймар эки жыл мурун ПСЖда ойногусу келгенин билдирген. Күйөрмандар көп ойлонбой эле койсо болот: бүгүн Неймар клубдан кеткиси келген жок, ал ПСЖда калгысы келип атат", – деди футболчунун атасы.

Ал ПСЖ менен контракт 2022-жылга чейин түзүлгөнүн эске салды, - деп жазат rsport.ria.ru.

"Ал оюн талаасына чыгып, клубка жардам бергиси келип атат", - деп кошумчалады оюнчунун атасы.

Эске салсак, Неймар жылдын башында жараат алып, эми гана машыгууларга кирише баштады. Эки жуманын ичинде ал талаага чыгары күтүлүүдө.

Буга чейин Мадриддик "Реал" Неймарды сатып алышы мүмкүн деген божомолдор айтылып келген. Ошондой эле футболчу кайра "Барселонага" баргысы келгенин кабарланган.

Пикир

Оставить комментарий