• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Футбол сулуусу-2018” сынагын жеңген бийкеч үч баланын энеси. “Реалдын” күйөрманы, бирок Мессини жактырат

Спорт 0


Бишкек, 18.05.18. /Кабар/. Кечээ “Футбол сулуу-2018” сынагы жыйынтыкталып, Нарис Оморова аттуу бийкеч жеңүүчү болду.

Добуш берүү футбол федерациясынын расмий сайтында жүрүп, анда КРФФнын баракчасына катталган гана колдонуучулардын “Like” эсептелген.

Нарис Оморова – 25 жашта;

Калаадагы №70 мектепти алтын медаль менен аяктаган;

Шубин атындагы музыкалык окуу жайда билим алган;

Кыргыз-орус славян университетинде "бухгалтердик эсеп" адистигин артыкчылык диплому менен аяктаган;

Учурда банкта эмгектенет;

Оморова үч баланын энеси;

"Барселона" командасынын футболчусу Лионель Мессинин ойногонун жактырат.

Эске сала кетсек, сынакка 11 кыз катышкан. Жеңүүчү футбол боюнча ар кандай эл аралык турнирлерге өлкө атынан чыгат.

Пикир

Оставить комментарий