• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Футбол: Улуттук курам FIFA уюмунун рейтингинде 3 сапка жогорулап, 94-орунга жайгашты

Спорт 0

Бишкек, 24.10.19. /Кабар/. Футбол боюнча Кыргызстандын курамасы FIFA уюмунун рейтингинде 3 сапка жогорулап, 94-орунга жайгашты. Бул тууралуу Футбол федерациясынын маалымат кызматы билдирди.

FIFA уюмунун рейтинги бүгүн, 24-октябрда футбол боюнча дүйнө биринчилиги жана Европа чемпионатынын (2020-жылы) тандоо турундагы оюндардын негизинде жаңыртылды.

Эскерте кетсек, октябрь айында улуттук курам 2022-жылы өтө турган Дүйнө биринчилигине тандоо турунун алкагында 2 беттеш өткөргөн. Анда Мьянманын командасын 7:0, Монголияны 2:1 эсебинде артта калтырган.

Бул жеңиш Кыргызстандын командасына FIFA уюмунун рейтингиндеги тизмеде 3 орунга көтөрүлүп, 94-орунга жайгашуусуна жардам берди.

Ал эми, Азия футбол конфедерациясында улуттук курама 14-орунда турат.

Пикир

Оставить комментарий