• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Футбол: Зидандын уулу "Реалдын" негизги курамында оюн талаасына чыкты

Спорт 0

Бишкек. 01.04.19 /Кабар/. Франциялык адис Зинедин Зидандын уулу Лука Зидан мадриддик "Реалдын" негизги курамында оюн талаасына чыкты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Испания чемпионатынын 29-турунда "Реал" "Уэска" клубу менен беттешкен.

Мадирдде өткөн оюнда "Реал" 3:2 эсеби менен жеңишке жетти.

"Реалдын" башкы машуктыруучусу уулу оюн талаасына чыгышы тууралуу мындай деди:

"Лука – үчүнчү дарбазачы. Тибо Куртуа өзүн бир аз начар сезип турду, Кейлор Навас бир аз эс алсын дедик. Мен ага бүгүн мүмкүнчүлүк берейин дедим, баары жакшы болду. Ал оюн талаасына менин балам болгон үчүн эмес, "Реалдын" футболчусу болгон үчүн чыкты", - деди Зинедин Зидан.

Пикир

Оставить комментарий