• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Футболчу Месут Өзил операцияга муктаж болгон 219 балага акча бөлгөн

Дүйнө 0

Бишкек, 25.12.19. /Кабар/. "Арсенал" клубунун жарым коргоочусу Месут Өзил операцияга муктаж болгон 219 балага акча бөлгөн. Бул тууралуу Sports.ru басылмасы жазат.

Өзил Instagram баракчасына кайрымдуулук иштери тууралуу жазган.

"Балдарга 219 операция жасалды. Алдыда дагы көптөгөн иштерди аткарыш керек. Мен жубайым менен баш кошоордун алдында операцияга муктаж 1000 балага жардам берерибизди айтканбыз. Долбоорго жардам берген менин үйлөнүү тоюма келген ар бир конокко, футбол күйөрмандарына ыраазычылык билдирем. Өзгөчө рахматымды эл аралык медициналык бригадаларга билдирем", - деп футболчу жазып калтырган.

Пикир

Оставить комментарий