• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Футболчулардын физикалык жана тактикалык жактан даярдыгы мыкты — Крестинин

Спорт 0

Бишкек, 07.06.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандын улуттук курамасынын футболчуларынын физикалык жана тактикалык жактан даярдыгы мыкты. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин Бишкектеги маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, бүгүн беттеш алдындагы машыгуу өтөт.

"Команда, футболчулардын физикалык жана тактикалык жактан даярдыгы мыкты. Биз буга чейин тайпадагы атаандаштарыбызды уткан менен алардын машыктыруучулары, оюнчулары алмашып жатат. Баарына даяр болушубуз керек. Бул жерде ар бир оюн маанилүү. Эң күчтүү команда — биринчи ойной турган курама болуп эсептелет. Ага даярдык көрүүдөбүз", - дейт ал.

Крестинин бардык колдоочуларга ыраазычылык билдирип кетти.

Эскерте кетсек, футбол боюнча Азия кубогунун тандап алуу оюндары алты өлкөдө, анын ичинде Кыргызстанда өтөт.

Беттештер Индия, Кувейт, Малайзия, Монголия, Өзбекстан жана Кыргызстанда болмокчу.

Кыргызстандын курама командасы F тайпасында Тажикстан, Мьянма жана Сингапурдун командалары менен жайгашкан. Бул тайпадагы оюндардын баары Кыргызстанда болот.

Азия кубогуна тайпалык тандоо турунун оюндары 8, 11 жана 14-июнь күндөрү Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда өтөт.

F тайпасындагы оюндар:

8-июнь:
• Кыргызстан - Сингапур;
• Тажикстан - Мьянма.
11-июнь:
• Сингапур - Тажикстан;
• Мьянма - Кыргызстан.
14-июнь:
• Кыргызстан - Тажикстан;
• Мьянма - Сингапур.

Пикир

Оставить комментарий