• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Футболка $60: Лионель Месси өзүнүн брендин түптөдү

Спорт 0

Бишкек, 20.09.19. /Кабар/. "Барселона" клубунун чабуулчусу Лионель Месси жеке өзүнүн кийим брендин түздү. Бул тууралуу ал Инстаграм баракчасында билдиргенин Чемпионат басылмасы жазат.

Мессинин бир тууганы Мария Соль америкалык белгилүү дизайнер Томми Хилфигердин карындашы Жинни Хилфигер менен биргеликте долбоордун менеджери болду.

Алгачкы коллекциясынын бет ачаары болуп, кийимдер сатыкка чыга баштады. Алардын баалары: футболка – 60 доллар турса, свитер – 130, 170 долларда сатылат.

"Мен өзүмдүн жеке кийим брендимди тартуулап жатканыма өтө кубанычтамын жана ыраазымын. Алгачкы коллекция сатыкка чыкты жана баары сатып алса болот", - деп Месси Инстаграм баракчасына жазды.

Пикир

Оставить комментарий