• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Футзал боюнча Азия биринчилиги – 2020: Чучукулактын негизинде улуттук курам В тайпасына туш болду

Спорт 0

Бишкек, 06.12.19. /Кабар/. Түркмөнстанда 2020-жылы өтө турган футзал боюнча Азия биринчилигинде ойной турган командалар чучукулактын негизинде 4 тайпага бөлүштүрүлдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясынын маалымат кызматы билдирди.

Ашхабад шаарында Азия континентиндеги мыкты делген 16 команда чучукулактын негизинде 4 тайпага бөлүштүрүлдү.

Кыргызстандын курамасы В тайпасына Япония, Ливан жана Кувейттин курамалары менен жайгашты.

Белгилей кетсек, футзал боюнча Азия биринчилиги Түркмөнстанда 26-февралда башталып, 8-мартта аяктайт.

Пикир

Оставить комментарий