• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Футзал боюнча Азия биринчилиги коронавируска байланыштуу жылдырылды

Спорт 0

Бишкек, 03.02.20./Кабар/. Түркмөнстанда февраль айынын аягында боло турган футзал боюнча Азия биринчилиги коронавируска байланыштуу жылдырылды. Бул тууралуу КР Футбол федерациясынан билдиришти.

Учурда мелдеш качан өткөрүлөрү белгисиз.

КР Футбол федерациясынан белгилешкендей, мелдешти токтотуп туруу чечимин Азия футбол конфедерациясы коронавируска байланыштуу кабыл алган.

Белгилей кетсек, мелдеш Түркмөнстанда 26-февралда башталмак.

Пикир

Оставить комментарий