• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Футзал боюнча Азия мелдеши башталды: КР курамасы Ливан менен беттешет

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.02.18./Тумара Туратбекова – Кабар/. Футзал боюнча Азия 2018 чемпионатынын оюну “КТРК-спорт” каналы аркылуу түз алып көрсөтүлөт. Бул тууралу КР футбол федерациясынын басма сөз кызматы билдирет.

“КР футбол федерациясы футзал боюнча Азия чемпионатын КТРК спорт каналы аркылуу түз алып көрсөтүү үчүн Lagardère Sports компаниясы менен макулдашты”,-деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, КР футболчулары D тайпасында ойноп, Тайланд, Ливан жана Иорданиянын курамалары менен атаандаш болот.

Бүгүн Тайбэеде КР менен Ливандын курамаларынын биринчи оюну болот. Оюн саат 14:30 башталат.

Пикир

Оставить комментарий