• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Футзал боюнча БА чемпионаты: Кыргызстандын кыздар курамасы Ташкентке келди

Спорт 0

Бишкек, 26.01.23. /Кабар/. Кырызстандын кыздар курама командасы футзал боюнча Борбор Азия чемпионаты катышуу үчүн Өзбекстандын Ташкент шаарына келди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Чемпионат 25-31-январь аралыгында өтөт. Кыргызстандын курамасы алгачкы оюнун эртең, 27-январда Ирандын курамасы менен өткөрөт.

Кыргызстандын курама командасы:

Оюнчулар: Айтурган Аскарова, Толгонай Алмазбекова, Айжан Боронбекова, Диана Канатбекова, Сезим Кубанычбекова, Назик Күмүшбек кызы, Айтурган Курманбекова, Айдана Оторбаева, Нурсулуу Мурзакулова, Бахира Токтогул кызы, Кенжебүбү Ырысбек кызы, Сезимай Бейшембекова.

Дарбазачылар: Наталия Гайворонская, Айканыш Тентимишева.

Пикир

Оставить комментарий