• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Футзал боюнча КРдин курамасы 2018 ДЧнун финалдык бөлүгүнө мөөнөтүнөн мурда чыкты

Спорт 0

Бишкек, 17.10.17. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Футзал боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы Азия-2018 мелдешинин финалдын бөлүгүнө мөөнөтүнөн мурда чыкты.

Тандоо сынагы 15-октябрда ирандын Тебриз шаарында өткөн. Анда чучугулактын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын курамасы Өзбекстан, Түркмөнстан жана Непалдын командалары менен “А” тайпасына кирген.

КР футболчулары биринчи оюнда Түркмөнстандын курама командасын 5:3 эсебинде жеңип, экинчи айлампада Непалдын курамасын – 5:0 эсебинде уткан.

Бүгүн, 17-октябрда жыйынтыктоочу оюнда Кыргызстанын курамасы Өзбекстан менен ойноп, тайпанын жеңүүчүлөрү аныкталат.

Азия чемпионаты 2018-жылы кытайдын Тайбэе шаарында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий