• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Футзал боюнча КРдин курамасы АЧ-2018 алдында “Спартак” менен ойнойт

Спорт 0

Бишкек, 11.01.18. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Футзал боюнча Кыргызстандын курамасы Азия-2018 чемпионатынын алдында москванын «Спартак» курамасы менен ойнойт.

Оюн 20-январда саат 19:00дө Бишкектеги “Газпром” ден соолукту чыңдоо комплексинде өтөт.

Эске сала кетсек, футзал боюнча Кыргызстандын курамасы боло турчу Азиянын чемпионатына даярданууда, ал 1нен 11-февраль күндөрү Кытайдын Тайбэе шаарында өтөт.

Маалыматка ылайык, Бишкекте 14-январда кураманын жана бишкектин командаларынын биринин оюну болот.

Кыргызстан АЧ-2018 Тайланд, Иордания жана Ливандын курамалары менен “D” тайпасына кошулду.

Пикир

Оставить комментарий