• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Футзал боюнча кыргызстандык команда "Гулистон – 2020" эл аралык мелдешинин жеңүүчүсү болду

Спорт 0

Бишкек, 25.02.20. /Кабар/. Тажикстанда футзал боюнча өспүрүмдөр арасында "Гулистон – 2020" эл аралык мелдеши жыйынтыкталды. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен кабарлашты.

Мелдеш 21-24-февралда Тажикстандын Гулистон шаарында 2005-2006-жылы туулган балдардын катышуусунда өттү.

Аталган оюндарга Кыргызстандын атынан "Ош – Балдар жана өспүрүмдөр арасындагы спорт мектеби" командасы катышты.

Мелдешке Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандан болуп 8 команда эки тайпага бөлүнүп катышты. Кыргызстандык команда алгач өзбекстандык, кийин казакстандык эки команданы жана тажикстандык команданы жеңип, финалга чыкты.

Финалда кыргызстандык команда "Самарканд" командасын 4:1 эсебинде артта калтырып, аталган мелдештин чемпиону болду.

Пикир

Оставить комментарий