• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Футзал боюнча Кыргызстандын курамасы БАЭ командасы менен оюн өткөрөт

Спорт 0

Бишкек, 25.09.19. /Кабар/. Футзал боюнча 2020-жылы өтө турган Азия биринчилигинин алкагында Кыргызстандын курамасы Бириккен Араб Эмираттарынын командасы менен эки жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул тууралуу Футбол федерациясынан билдиришти.

Оюн Дубай шаарында 28-29-сентябрь күндөрү өтөт. Кыргызстандын атынан беттешке 14 футболчу катышат.

Эскерте кетсек, чучукулактын негизинде А тайпасына Өзбекстан, Тажикстан, Афганистан жана Непалдын командалары жайгашса, В тайпасына Иран, Кыргызстан жана Түркмөнстандын командалары орун алган.

Пикир

Оставить комментарий