• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Футзал боюнча Кыргызстандын кыздар курамасы CAFA-2020 чемпионатына катышат

Спорт 0

Бишкек, 14.01.20. /Кабар/. Тажикстанда футзал боюнча 19 жашка чейинки кыздар арасында CAFA-2020 чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясынан билдиришти.

Мелдеш 24-29-январь күндөрү Душанбе шаарында өтүп, анда 6 команда күч сынашат.

Чемпионатка Тажикстан, Иран, Өзбекстан, Түркмөнстан, Афганистан жана Кыргызстандын курама командасы катышат.

CAFA-2020 чемпионатында жалпы жонунан 15 оюн өткөрүлөт.

Оюндардын жүгүртмөсү:

1-тур:
24-январь

Иран – Тажикстан
Кыргызстан – Афганистан
Өзбекстан – Түркмөнстан

2-тур
25-январь

Тажикстан – Түркмөнстан
Өзбекстан – Кыргызстан
Иран – Афганистан

3-тур
26-январь

Түркмөнстан – Иран
Афганистан – Өзбекстан
Тажикстан – Кыргызстан

4-тур
28-январь
Кыргызстан – Түркмөнстан
Афганистан – Тажикстан
Өзбекистан – Иран

5-тур
29-январь
Түркмөнстан – Афганистан
Иран – Кыргызстан
Тажикстан – Өзбекистан.

Пикир

Оставить комментарий