• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Футзал боюнча Кыргызстандын жаш футболчулары Казакстандагы чемпионатка катышат

Спорт 0

Бишкек, 21.01.20. /Кабар/. Футзал боюнча өспүрүмдөр арасында Кыргызстандын курамасы кароо жыйынынын алкагында Казакстандын ачык чемпионатына катышат. Бул тууралуу Футбол федерациясынан кабарлашты.

Мелдеш 24-28-январда Казакстандын Алматы шаарындагы "Кайрат" аянтында өтөт.

Окуу-машыгуу жыйынында 15-16 жаштагы балдардын чеберлиги каралат

Өспүрүмдөр арасында Кыргызстандын курамасында Равиль Лиров, Барсбек Манас уулу, Арслан Токоев, Байэл Мухтар уулу, Илгиз Азамат уулу, Эржан Бактыбеков, Бексултан Назаралиев, Бектур Молдошев, Куштарбек Гаипбеков, Натан Худабердиев, Иса Эралиев, Муса Эралиев жана Илимбек Султангазиев бар.

Пикир

Оставить комментарий