• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Футзал боюнча "Наристе-2021" мелдеши старт алды

Спорт 0

Бишкек, 04.01.21. /Кабар/. Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда 3-январда футзал боюнча "Наристе-2021" салттуу мелдеши старт алды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча агенттигинен билдиришти.

Мелдештин ачылыш аземине аталган агенттиктин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев, мелдештин калыстары жана спортчулар катышты.

Бул жылы футзал боюнча "Наристе-2021" мелдешине Талас жана Жалал-Абад облустарынан тышкары өлкөнүн бардык облустарынан келген 57 команда катышып жатат.

Мелдеш 8-январга чейин өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий