• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Футзал. КР жаштар курамасына 500 миң сом ыйгарылды

Спорт 0

Бишкек, 24.12.18. /Кабар/. Футзал боюнча Кыргызстандын жаштар курама командасына (U-20) Азия биринчилигинин финалдык баскычына чыккандыгы үчүн 500 миң сомго сертификат ыйгарышты. Бул тууралуу КРнын футбол федерациясынан кабарлашты.

Сертификатты "Алга" жана "Sun City" командаларынын оюну учурунда КР ФФнын президенти Семетей Султанов тапшырган.

Эске сала кетсек, Нуржан Жетыбаевдин жетекчилиги астындагы КРнын жаштар курамасы Тажикстан жана Өзбекстандын курамаларын жеңип, АЧнын финалдык баскычына чыккан.

Турнир 2019-жылы Иранда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий