• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Футзал: Кыргызстан Тажикстанды 4:1 эсебинде утуп алды

Спорт 0


Бишкек, 28.01.22. /Кабар/. Кыргызстандын футзал боюнча кыздар курама командасы Тажикстандын командасы менен оюн өткөрдү. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Душанбе шаарындагы CAFA Women’s Futsal Championship эл аралык мелдешинин алкагында өткөн оюн 4:1 эсебинде жыйынтыкталды.

Мелдештин алкагында өткөн биринчи оюнда эки команда тең 1:1 эсебинде тең чыккан.

Эскерте кетсек, CAFA Women’s Futsal Championship эл аралык мелдеши 19-29-январда Тажикстанда өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий