• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Футзал: Кыргызстан (U-20) Азия чемпионатына жолдомо алды

Спорт 0

Бишкек, 03.12.18 /Кабар/. Кыргызстандын футзал боюнча курама командасы (U-20) 2019-жылы өтө турган Азия чемпионатына жолдомо алды. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясы кабарлады.

Кыргызстан буга чейин Өзбекистанга 3:6 жеңилип, Тажикстанды 6:1 эсебинде утуп алган.

Бүгүнкү беттеште Тажикстан Өзбекистанды 7:2 эсебинде жеңип алды.

Киргизген жана өткөрүп алган голдордун айырмасы, Кыргызстанга өз группасынан биринчи орун менен чыгууга мүмкүнчүлүк берди.

Эскерте кетсек, Ташкентте футзал боюнча Азия биринчилигине тандап алуу оюндарынын борбордук зонадагы матчтары өтүп жатат. Анда А группасында Ирандын, Афганистандын жана Туркменистандын жаш курама командалары кездешсе, В группасында Кыргызстан, Өзбекистан жана Тажикстан командалары оюн өткөзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий