• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Футзал: Кыргызстан Өзбекстандан 3:4 эсебинде жеңилип калды

Спорт 0

Бишкек, 18.10.17. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Футзал боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы Азия-2018 чемпионатына тандоо мелдешинде Өзбекстандын курамасынан 3:4 эсебинде жеңилип калды.

Тандоо сынагы 15-октябрда ирандын Тебриз шаарында өткөн.

КР футболчулары биринчи оюнда Түркмөнстандын курама командасын 5:3 эсебинде жеңип, экинчи айлампада Непалдын курамасын – 5:0 эсебинде уткан.

Кыргызстандан эки жеңиштен кийин тайпадан мөөнөтүнөн мурда финалга чыккан.

“Оюн биринчи орун үчүн болгон. Атаандаштар биринчи таймда татыктуу жеңип чыкты. Бул бизди жеңилүүгө алып келген мелдештин алкагындагы экинчи оюн болчу . Мындай оюндарда курама команда такшалып мүнөзүн көрсөтө алышат. Биздин команданын мүнөзү бар”,-деди курама команданын башкы машыктыруучусунун м.а., Амиржан Муканов.

Өзбекстандын курама командасы А тайпасы боюнча 9 бал алып биринчи орунга ээ болду, Кыргызстан 6 бал менен экинчи орунда.

Эске сала кетсек, Азия чемпионаты 2018-жылы кытайдын Тайбэе шаарында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий