• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Футзал: Кыргызстандын курамасы Азия биринчилигине катышат

Спорт 0

Бишкек, 29.10.19. /Кабар/. Футзал боюнча Кыргызстандын курамасы 2020-жылы өтө турган Азия биринчилигинин тандоо турунун жыйынтыгында өз тайпасында экинчи орунга татыды. Бул тууралуу Футбол федерациясынан билдиришти.

Азия биринчилигинин тандоо турунун оюндары Урмия шаарында 23-25-октябрь күндөрү болуп өттү. Азиянын Борбордук жана Түштүк жерлеринде жайгашкан 7 өлкөнүн командалары 2 тайпага бөлүнгөн. Кыргызстандын курамасы В тайпасына Иран жана Түркмөнстандын командалары менен жайгашкан.

Оюндардын жыйынтыгында Түркмөнстанды 3:2 эсебинде жеңип, Иранга 8:3 эсебинде утулуп калган.

Азиянын Борбордук жана Түштүк бөлүгүнүн тандоо турунун жыйынтыгында финалдык оюндарга Кыргызстан, Өзбекстан, Иран, Тажикстан, Түркмөнстандын курамалары өтүштү.

Тандоо турунун жыйынтыгында 16 команда футзал боюнча 2020-жылы өтө турган Азия биринчилигинде күч сынашат. Оюндар Түркмөнстанда 2020-жылдын 24-февралынан 10-мартка чейин уланат.

Пикир

Оставить комментарий