• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Футзал: Кыргызстандын курамасы Түркияны экинчи ирет утуп алды

Спорт 0

Бишкек, 05.12.19. /Кабар/. Футзал боюнча Кыргызстандын курамасы Түркиянын командасы менен экинчи ирет жолдоштук беттеш өткөрдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясынан билдиришти.

Беттеш 8:3 эсебинде Кыргызстандын пайдасына чечилди.

Оюндар 2020-жылы өтө турган футзал боюнча Азия биринчилигине даярдык көрүүнүн алкагында өткөрүлүүдө.

Эскерте кетсек, алгачкы жолдоштук беттеште кыргызстандык футболчулар Түркияны 5:3 эсебинде артта калтырган.

Пикир

Оставить комментарий