• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өгөй атасы сабаган 6 жашар бала. Апасы тосмо арыз жазды, бирок иш токтотулбайт

Коом 0

Бишкек, 23.11.20. /Кабар/. Өгөй атасы сабаган 6 жашар баланы таенеси өзүнө алып кеткен. Бул тууралуу фейсбуктагы баракчасына “Балдардын укугун коргоо лигасы” коомдук фондунун башчысы Назгүл Турдубекова жазган.

“Баланы дем алыш күндөрү таенеси өзүнүн үйүнө Ат-Башыга алып кетиптир. Менимче, баланы айыга электе эле алып кетип калган болушу мүмкүн”, - деп жазган ал.

Ал билдиргендей, баланын апасы күйөөсүнө эч кандай доом жок деп тосмо арыз жазып берген.

“Бирок ал арыздын эч кандай күчү жок. Сокулук районунун бала жана үй-бүлөнү коргоо бюонча бөлүмү баланын кызыкчылыгын коргойт. Баланы коргоо үчүн “Балдардын укугун коргоо лигасы” коомдук фонду, Сокулук районунун социалдык өнүктүрүү башкармалыгы жана Сокулук районунун балдарды коргоо борбору координациялык топ түздү. Биз мониторинг жүргүзүп, баланы коргоо процесси ачык жана анын кызыкчылыгында өтүшүнө аракет кылабыз. Ички иштер министрлиги жашы жете элек балдардын иши боюнча инспекциясынын башчысы Нуржан Адылова аркылуу Сокулук райондук милициясынын ишине көз салат”, - деген ал.

Пикир

Оставить комментарий