• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

ТЖМ Гүлчө-Корул-Кабылан-Көл унаа жолу 10 метрге көчтү деген маалыматты четке какты

Коом 0

Бишкек, 5-апрель /Кабар/. Транспор жана жолдор министрлиги Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 4-апрелдеги Гүлчө-Кабылан-Көл унаа жолу 10 метрге көчтү деген маалыматын четке какты.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, чындыгында Гүлчө-Корул-Кабылан-Көл унаа жолунда топурак кыртышы көчүп, натыйжада жер бети төмөнкү жантайма менен бирге жарылган.

Транспорт жана жолдор министрлиги көчкүнүн узундугу 30 м, туурасы 20 м, тереңдиги 9 м, жалпы көлөмү 5400 м3 экендигин билдирет.

Бул жол тилкесинде унаа кыймыл убактылуу токтотулуп, жаратылыш кырсыгын жоюу чаралары көрүлүп жатат. Бул үчүн 1 экскаватор, 2 автосамосвал иштеп жатат. Кабылан-Көл аркылуу Кабылан-Көл-Талдык топурак жолу өтөт, бул жол аркылуу убактылуу жол жүрүү камсыздалат.

Пикир

Оставить комментарий