• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Гүлнара Каримова камалганы маалымдалды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 28-июль /Кабар/. Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовдун кызы кармалды. "Интерфакс" агенттиги өлкө прокуратурасына шилтеме кылып билдиргендей, Гүлнара Каримовага алдамчылык, чет өлкө валюталарын катуу, бажы мыйзамдарын бузуу жана арам акчаларды адалдоо беренелери боюнча айып тагылды.

2015-жылы августта Ташкент соту Каримованы салык төлөөдөн качуу, акча уурдоо, пара талап кылуу, оффшордук компаниялардагы документтерди жок кылуу боюнча күнөөлүү деп таап беш жылга эркиндигин чектеген.

Гүлнара Каримова – Өзбекстандын маркум президентинин тун кызы. Мурда республиканын Тышкы иштер министрлигинде иштеп, бизнес менен алектенген. Убагында аны Орто Азиядагы эң таасирдүү айымдардын бири деп атап келишкен. Бир нече өлкөдө Каримова коррупциялык иштерге шектелип, тергөө иштери башталган.

2012-жылы Өзбекстан бийлиги Гүлнара Каримованын көзөмөлүндөгү бир нече телеканал, радиостанцияларды жапкан.

Пикир

Оставить комментарий