• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Гүлнара Каримованын резиденциясын Мирзиёевдин күйөө баласынын федерациясы алат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 25.07.19. /Кабар/. «Сижжак» эс алуу жайындагы Гүлнара Каримованын резиденциясы Шавкат Мирзиёевдин күйөө баласы Отабек Умаров жетектеген Триатлон федерациясына бекер пайдаланууга берилет. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар билдиришти.

Өкмөт триатлон спортун өнүктүрүү боюнча токтомдун долбоорун даярдады, документ 24-июлда жарыяланды.

Учурда Өзбекстан Триатлон федерациясын Мирзиёевдин кичүү күйөө баласы Отабек Умаров жетектейт. Ал мындан тышкары президенттин коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары болуп иштейт. Умаров бул кызматка быйыл март айында дайындалган.

«Сижжак» лагеринде триатлон федерациясынын машыгуу базасын түзүү пландалууда, ага 15 миллиард сум бөлүндү. Лагерде мейманканалар, үч бассейн, амфитеатр, коттеждер жана башка курулуштар бар.

Пикир

Оставить комментарий