• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Гүлнара Каримованын Швейцариядагы 70тен ашык искусство буюму Өзбекстанга кайтарылат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 13.01.20. /Кабар/. Өзбекстан мурдагы президент Ислам Каримовдун кызы Гүлнара Каримованын чет өлкөдөгү байлыгын кайтаруу боюнча Швейцария, Франция, Россия, Литва жана башка мамлекеттердин тиешелүү мекемелери менен иштерди жүргүзүп жатат. Бул тууралуу 11-январда өлкөнүн Башкы прокуратурасы билдирди.

— Швейцариянын Федералдык прокуратурасы менен өзбекстандык эксперттердин катышуусунда Гүлнара Каримованын Женевадагы вилласында табылган 70тен ашык искусство буюмунун (сүрөттөр, жасалгалар) Өзбекстандын улуттук өнөрүнө тиешеси бар-жогун аныктоо жана кайтаруу боюнча иштер жүрүп жатат, — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Буга чейин Гүлнара Каримованын Өзбекстандагы үйлөрүндө жалпы баасы 12,7 миллиард сумга бааланган искусство буюмдары (сүрөт, жасалгалар, жыгачтан жасалган баалуу буюмдар) табылып, өлкөнүн мамлекеттик музейлерине өткөрүлүп берилгени кабарланган.

Өткөн жумада Өзбекстандын Жогорку соту 8-январда Гүлнара Каримованын үстүнөн жаңы сот процесси башталганын кабарлаган. Учурда Зангиата районундагы аялдар абагында камакта отурган Каримова 255 кылмыштуу ишке тиешеси бар делген кылмыштуу топту жетектеген деп айыпталууда. Азырынча бул иштин башка фигуранттары тууралуу маалымат бериле элек. Сот отуруму жабык өтүүдө.

2019-жылы декабрда өзбек бийлиги Каримованын швейцариялык адвокаты Грегуар Манжанын өлкөгө кирүүсүнө тыюу салган. Буга чейин ал Өзбекстан түрмөлөрүндөгү шарттарды сындаган билдирүүлөрдү жасаган.

Гүлнара Каримовага 2015-жылы Швецияда, Швейцарияда жана АКШда кылмыш иштери козголуп, ал миллиард доллардай каражатты өздөштүрүп алган деп айыпталган.

2017-жылы атасы көз жумгандан кийин Каримова Өзбекстанда «Салык төлөөдөн качуу», «Акча уурдоо», «Опузалоо» жана «Офшордук компаниялардын документтерин жок кылуу» беренелери боюнча 10 жылга эркинен ажыратылган.

Пикир

Оставить комментарий