• 84.78
  • 99.84
  • 1.17

Гүлнара-Клара Самат Грециянын Россиядагы элчилигинин убактылуу ишенимдүү өкүлү менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 04.08.21. /Кабар/. 2021-жылдын 4-августунда Москва шаарында Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат Грециянын Россиядагы элчилигинин убактылуу ишенимдүү өкүлү Ставрос Венизелос менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирет.

Элчи Гүлнара-Клара Самат дипломатка Кыргызстандын учурдагы ички саясий абалы, анын ичинде өлкөдө Кыргызстандын жетекчилиги тарабынан жүргүзүлгөн социалдык-экономикалык реформалар тууралуу маалымат берди.

Тараптар кыргыз жана грек элдеринин ортосундагы достукту чыңдоо максатында маданий, экономикалык байланыштарды түзүүнүн маанилүүлүгү боюнча өз ара пикирлерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий