• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Габриель Гарсиа Маркестин "Жалгыздыктын жүз жылы" романы экранга чыгат

Дүйнө 0

Бишкек, 0703.19. /Кабар/. Америкалык "Нетфликс" сервиси Габриель Гарсиа Маркестин “Жалгыздыктын жүз жылы” романынын негизинде сериал тартат. Бул тууралуу кызмат Твиттердеги баракчасында билдирди.

1967-жылы жарык көргөн роман биринчи жолу экрандаштырылат. 2014-жылы каза болгон жазуучунун үй-бүлөсү буга чейин романдын киноматографияда колдонулушуна каршы чыгып келген.

Маркестин уулдары Родриго менен Гонсало тасмага продюсерлик кылышат. Сериал испан тилинде, Колумбияда тартылат.

– Атабыз жылдар бою “Жалгыздыктын жүз жылын” сатууга каршы чыгып келген, себеби фильм чыгарманы чагылдыруу үчүн өтө эле кыска жанр деп эсептеген. Мындан тышкары, анын пикиринде, тасманы испанчадан башка тилде тартуу орунсуз болмок ,– деген Родриго Гарсиа.

Ал сериалдар учурда “алтын доорун” жашап жатканын, мындан улам атасынын китебин тасмага түшүрүү эң ынгайлуу учур экенин кошумчалаган.

“Жалгыздыктын жүз жылы” – адабият боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаты Габриель Гарсиа Маркестин эң белгилүү чыгармаларынын бири. Учурда китептин 50 миллион даанасы сатылган, роман 46 тилге которулган.

Пикир

Оставить комментарий