• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Гаджет, электромобилди кубаттоочу жер. Туристтер каттаган жерлерде эс алуу пункттары ачылат

Коом 0

Бишкек, 23.06.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда туристтер эң көп каттаган жерлерде эс алуу пунктары ачылат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Кыргызстандын туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун эл аралык мамилелер жана инвестициялар боюнча башкаруучу директору Кайрат Итибаев билдирди.

Анын айтымында, фонд төрт багытта - маркетинг, долбоорлоо, инвестиция тартуу жана ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча иш алып барууда.

“Эң көп туристтик каттамдарда жана шаарларда RestPoint – эс алуу пункттары уюштурулат. 2023-жылдын жайкы туристтик сезонунун башталышында алардын санын 68ге жеткирүү максаты коюлган. Быйыл анын 21и ачылат. RestPoint кура турган подрядчылар ишке киришүүдө”, - деди ал.

Итибаев кошумчалагандай, RestPoint - бул саякатчылар жана туристтердин эс алуучу, маалымат алуу, гаджеттерди жана электромобилди кубаттоочу жер. Ошондой эле террасадан кофе ичүү, душка түшүү шарты каралат.

Белгилей кетсек, “Кыргызстандын туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду”ААКнын түзүлгөнүнө 100 күн болду. Ал туристтик бизнести өнүктүрүү үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий