• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Гафур Рахимов AIBA президенттигине көрсөтүлдү

Дүйнө 0

Бишкек, 26.09.18. /Кабар/. Эл аралык бокс ассоциациясынын (AIBA) президентинин милдетин аткаруучу, Гафур Рахимов жана уюмдун вице-преизденти Серик Конакбаев AIBA президенттигине талапкер катары көрсөтүлдү. Бул тууралуу ТАСС агенттигине Орусия бокс федерациясынын башкы катчысы Умар Кремлев билдирди.

AIBA президенттигине талапкерлерди каттоо 23-сентябрда аяктады. Уюмдун башчысы 2-3-ноябрда Москвада AIBA конгрессинде шайланат.

Буга чейин Эл аралык Олимпиада комитети Рахимовго кайрылып, анын талапкерлиги боксту 2020-жылкы Олимпиаданын программасында сактап калууга терс таасирин тийгизиши мүмкүн экенин, анткени ал кримдүйнөгө байланышы бар деп шектелип жатканын билдирген. Мурдараак АКШнын Каржы министрлиги Рахимовду санкциялык тизмеге киргизип, ага доллар менен каржы операцияларын жүргүзүүгө тыюу салган.

Эл аралык Олимпиада комитети боксту 2020-жылкы Олимпиаданын программасында калтыруу маселесин ноябрдагы жыйынында карайт.

Учурда уюм Эл аралык бокс ассоциациясына карата быйыл февралда башталган тергөөнү улантууда. Анда Олимпиадалык комитет Бокс ассоциациясынын башкаруу, каржы жана антидопинг маселелери боюнча баяндамасын канааттандырган эмес. Буга байланыштуу AIBA мурдагы башчысы Чинг Куо Ву кызматынан кетип, анын милдетин Рахимов аткара баштаган.

Быйыл июль айында Өзбекстан Ички иштер министрлиги Гафур Рахимовду издөөдөгү кишилердин тизмесинен чыгарган. 27-июлда Рахимов Ташкентке келген жана Өзбекстан Улуттук Олимпиада комитетинин жетекчилиги менен жолуккан.

Пикир

Оставить комментарий